Түндүк-түштүк альтернативдүү жолуна түшкөн сел толук тазаланып, каттам калыбына келтирилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.Министрлик белгилегендей, унаа жолунда аба ырайы ачык. Учурда сел түшкөн тилкелерде тазалоо жана жолду кеңейтүү иштери улантылууда.4-июлдун кечинде нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен аталган жолдун айрым тилкелерине сел түшүп, жол убактылуу жабылган эле. Жерине министрликтин атайын техникалары ыкчам тартылып,...