Анкарада Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаевдин, Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин өкүлү Манас Аманбаев менен Түркиянын Коопсуздук башкармалыгынын начальниги Али Фидан менен жолугушуусу өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө эки өлкөнүн коопсуздук жана жарандардын укуктарын коргоо боюнча эки тараптуу кызматташтыктын маанилүү аспекттери талкууланды.

Жолугушууда Руслан Казакбаев Али Фиданды жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, кызматтык ишмердүүлүгүндө ийгилик каалады.