Бишкек-Ош унаа жолунда велосипедчини өлтүрө сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кабарлады.Окуя 1-июлда болгон. Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Кызыл-Туу айыл аймагында “Матиз” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу жолдун четинде велосипед менен бара жаткан 1955-жылы туулган жаранды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен велосипед айдап бара жаткан жаран окуя болгон...