Бишкекте жаңы салттын башталышы — жаш үй-бүлөлөр «Адинай» паркында дарак отургузушту



Бишкекте «Жаш үй-бүлөлөрдүн дарак отургузуусу» долбоорунун алкагында биринчи дарак отургузуу иш-чарасы өттү. Бул долбоорду «Бишкекзеленстрой» муниципалдык ишканасы «GREEN AIR» компаниясы менен биргеликте ишке ашырууда. Биринчи даракты жаш үй-бүлө «Адинай» паркында отургузду, бул жаңы шаардык салттын башталышы болду.
Уюштуруучулар дарак отургузуу жашоонун биргелешип башталышын, ошондой эле келечектеги муундарга болгон сүйүү жана жоопкерчиликти символдойт деп белгилешти. Жаш үй-бүлөлөр үчүн той күнүнүн эскерүүсүн сактоо гана эмес, борбордун жашылдандыруусуна өз салымдарын кошуу да маанилүү экенин баса белгилешти.

Иш-чарада «Бишкекзеленстрой» МПнын адистери катышып, парктагы өзгөчөлүктөрдү эске алып, отургузуу үчүн ылайыктуу жерди тандоодо жардам беришти жана көчөттү карап-бакуу боюнча сунуштарды беришти.
Долбоор үй-бүлөлүк баалуулуктарды экологияга кам көрүү менен бириктирүүгө жана Бишкектеги жашыл насажденияларды көбөйтүүгө багытталган.