Бишкекте Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигине караштуу Протез-ортопедиялык буюмдар республикалык мекемесинде мекеменин ишинин ачыктыгын жана транспаренттүүлүгүн жогорулатуу боюнча чараларды ишке ашыруу улантылууда. Коррупцияга каршы күрөшүү алкагында 2025-жылдан бери бул жерде видеонаблюдение системасы иштеп жатат. РУПОИнин аймагында 27 камера орнотулган.

Камералар стратегиялык маанилүү жерлерге: өндүрүш участокторуна, складдык жайларга, административдик зоналарга жана имараттын периметри боюнча орнотулган. Бул протез-ортопедиялык буюмдарды өндүрүү процессинде ачыктыкты камсыз кылууга, товардык-материалдык баалуулуктарды коргоого жана чыгым материалдарын эсепке алуунун тактыгын жогорулатууга мүмкүндүк берет. Ички эмгек тартибин сактоо да маанилүү аспект болуп саналат.