
Акыркы жылдарда Кыргызстандагы мамлекеттик ооруканаларда диагностика жаатында олуттуу жакшыртуулар байкалууда. Мурда мекемелердин өздөрүндө лабораториялар болгон эмес, бул пациенттерди жеке медициналык борборлорго кайрылууга мажбурлачу. Азыр болсо өлкө боюнча көптөгөн ооруканалар диагностикалык базалар менен жабдылган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов «Кабар» маалымат агенттигинин подкастында билдирди.
Министр белгилегендей, жеткиликтүү изилдөөлөрдүн тизмеси медициналык мекеменин көлөмүнө жана жайгашкан жери боюнча өзгөрүп турат, бирок негизги диагностика азыр алардын көпчүлүгүндө жеткиликтүү.