Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматы (ЖАМК) №21 абагында камалып жаткан айыпталуучу Кадырбек Атамбаевдин тергөө изоляторунда өзүнө карата коркутуулар, кыйноолор жана мыйзамсыз аракеттер колдонулуп жаткандыгы тууралуу маалыматтарга 6-июлда жооп берип, айыптоолорду төгүндөдү.“Таратылып жаткан маалыматтардагы тергөө абагынын кызматкерлери тарабынан айыпталуучуга карата күч колдонуу, коркутуу, психологиялык басым көрсөтүү жана кыйноо фактылары тууралуу билдирүүлөр чындыкка дал келбейт....