Орусиянын Ростов-на-Дону шаарынын түштүк округдук аскердик соту Тажикстандын жаранын Ессентуки шаарынын автобекетинде теракт даярдоого күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу маалымат соттун сайтына жарыяланды. Тергөөнүн версиясына караганда, тажик жараны 2024-жылы өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган террордук уюмдун катарына кирип, ант берген. Ал муну видеого тартып, файлды топтун катышуучусуна жиберген. Андан кийин Ессентукинин автобекетинин аймагын чалгындаган. Тергөөчүлөр бул жерде...