Россия Федерациясынын Омск облусунда чет өлкөлөрдө иш алып барган Россиянын соода өкүлдөрүнүн делегациясынын жумушчу сапары өтүп жатат. "Менин бизнесим" борборунда Россиянын Кыргызстандагы соода өкүлү Айнур Саманов Пакистан, Иран жана Болгариядан келген кесиптештери менен, ошондой эле жергиликтүү ишкерлер менен жолугушту.
Жолугушуунун алкагында экспорттун негизги багыттары, эл аралык рыноктордогу иштөө спецификасы, логистика, бар болгон тоскоолдуктар жана чет өлкөлүк рынокторго чыгууга умтулган компанияларга колдоо чаралары талкууланды.