Кыргызстанда медициналык кадрлардын жетишсиздиги маселеси курч бойдон калууда. Саламаттык сактоо министри Дамир Осмоновдун айтымында, өлкөдө 18 миңден ашык медициналык кызматкер керек, бирок учурда болгону 13 миңге жакын дарыгер иштеп жатат. Бул маселени «Кабар» маалымат агенттигинин подкастында талкуулашты.
Министр айлык маянаны жогорулатуу маселени чечпей турганын белгиледи, анткени өзгөчө тармактык адистердин жетишсиздиги сезилет, аларды даярдоо көп убакытты талап кылат. Мындан тышкары, көптөгөн медициналык мекемелердин абалы жакшы эмес, бул да саламаттык сактоо системасына терс таасирин тийгизет.
«Райондорго болгон сапарымда мен оорукананын штаттык кызматкерлеринин толук комплекттелген бир да учурун көргөн жокмун. Дарыгерлерге анестезиологдор, травматологдор, гинекологдор жана башка адистер жетишпейт. Курч жетишсиздик шартында дарыгерлер жогорку жүктөм менен иштөөгө мажбур. Көп учурда бир реаниматолог бүт бөлүмдүн ишин көп жылдар бою камсыздап келет. Мындай өзүн-өзү арноо чоң урматка татыктуу», - деп баса белгиледи ал.