
2026-жылы ABank өзүнүн 30 жылдыгын белгилейт. Алгач Кыргыз айыл чарба финансылык корпорациясы катары түзүлгөн банк, өлкөнүн жетекчи универсалдык мамлекеттик банктарынын бири болуп, финансылык системанын, экономиканын өнүгүшүнө жана Кыргызстандагы азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого активдүү көмөк көрсөттү.
Бүгүнкү күндө ABank өлкөнүн банктык системасында негизги көрсөткүчтөр боюнча жогорку орундарды ээлеп турат. 2025-жылдагы жыйынтыктар боюнча банк мамлекеттик бюджетке дивиденд түрүндө болжол менен 7 миллиард сом которгон, бул республикадагы банктар секторунун тарыхындагы эң маанилүү көрсөткүчтөрдүн бири болду.