Ош шаарындагы базарлардын биринде дыйканга кол көтөргөн соодагерлердин үчөө убактылуу кармоочу жайга камалып, бирөө үй камагына алынды. Бул тууралуу 6-июлда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.Буга чейин социалдык тармактарда Ош шаарындагы базарлардын биринде соодагерлердин ортосунда жаңжал чыгып, бир жаранга карата күч колдонулгандыгы тартылган видео тараган. Анда соодагерлер базарга кулпунай сатканы келген дыйканды уруп-сабап, сүрүп чыгарып, жемишин ыргыта...