Кыргызстан заманбап, эл аралык GPP (жакшы дарыкана практикасы) стандарттарына жооп берген кампаны куруу долбоорун ишке ашырууну баштайт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов «Кабар» маалымат агенттигинин подкастында билдирди.
Министрдин айтымында, негизги проблема - ири дүйнөлүк фармацевтикалык компаниялар заманбап талаптарга жооп бербеген кампалар жок өлкөлөргө өз дары-дармектерин жеткирбейт. Алардын кызыкчылыгы кыска мөөнөттүү пайда гана эмес, узак мөөнөттүү бизнес стабилдүүлүгү.
«Эгер дары-дармектер керектүү шарттар жок, температуралык режим бузулган жерлерге жеткирилсе, алардын натыйжалуулугу төмөндөп, бул бейтаптарга терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Бул ошондой эле өндүрүүчүлөрдүн репутациясына таасир этет. Ошондуктан алар логистикага катуу талаптарды коюшат. GPP стандарттарына ылайык кампаны түзүү бизге дүйнөнүн алдыңкы фармацевтикалык компаниялары менен келишимдер түзүүгө жана дары-дармектерди түздөн-түз алууга мүмкүнчүлүк берет», - деди Осмонов.