Талас облусунда мыйзамсыз курулуш үчүн айып пул салынды. КРдин курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министрлиги контролдук иш-чаралар учурунда аныкталган мыйзам бузуулар тууралуу маалымдады.
Атап айтканда, Кара-Сай Айтматов районундагы Чычкантай көчөсүндө жайгашкан «Маржан Апа» эс алуу зонасынын курулушу зарыл уруксат документтерисиз башталгандыгы аныкталды. Объект шаар куруу жана архитектуралык корутундусуз, ошондой эле бекитилген долбоордук документациясыз курулган, бул КРдин «Шаар куруу жана архитектура» мыйзамын бузуу болуп саналат.
Текшерүүнүн натыйжасында жеке ишкер А. уулу Б. административдик чараларга тартылды: ага 200 миң сом айып пул салынды. Мындан тышкары, мыйзам бузууларды жоюу жана курулуш иштерин белгиленген талаптарга ылайык келтирүү боюнча буйрук берилди.