Товарлардын бажы наркы төмөндөтүлгөн фактысы аныкталды. Бюджетке 2,1 млн сомдон ашык акча өндүрүлдү

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери Түркмөнстандан келген текстиль товарларынын бажы наркы төмөндөтүлгөнүн аныкташты. Ведомствонун басма сөз кызматы МТО «Кант» боюнча 21 656 кг салмактагы текстиль продукциясынын партиясы катталганын билдирди.

Документтерди текшерүү учурунда бир эле товар партиясы үчүн бирдей реквизиттери бар, бирок ар кандай нарктарды көрсөтүп турган эки эсеп-фактура берилгени аныкталды: 11 573 жана 56 610 АКШ доллары. Маалыматтарды тактоо үчүн бажы органдары Түркмөнстанга суроо жөнөтүп, жогору баанын чын экенин тастыкташты.