Кыргызстан дары-дармектерди аймактарга коопсуз жеткирүү маселесин чечүүдө. 15-июлга чейин өлкөгө термочувствительный препараттарды ташууга арналган 12 атайын унаа келет. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов «Кабар» маалымат агенттигинин подкастында билдирди.

Министр мурда Кыргызстандагы фармацевтикалык система атайын транспорттун жоктугун, анын керектүү температура режимин сактай албаганын белгиледи, бул аймактар арасында маанилүү дары-дармектерди ташууну осал кылган. Айрым препараттар ташуу жана сактоо учурунда катуу температура шарттарын талап кылат.