Августтун аягына Министрлик лицензиялоону толугу менен онлайнга өткөрөт

Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министрлиги медициналык тармакка санариптик технологияларды активдүү киргизүүдө, жарандар жана бизнес үчүн кагазсыз процессерге өтүүгө багыт алууда. Бул тууралуу маалымат агенттигинин «Кабар» подкастында министр Дамирбек Осмонов айтып берди.
Учурда өлкө тургундары «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу электрондук форматта маанилүү медициналык маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк алышты. Мындан тышкары, министрлик лицензияларды берүү процессин автоматташтыруу боюнча чоң долбоорду ишке ашырууда, бул кагаз иштерин жоюуга жана ишкерлер менен ведомствонун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жеңилдетүүгө багытталган.
«Мурда лицензияны алуу үчүн жүз күнгө жакын убакыт талап кылынчу, азыр болсо арыз берүүлөрдүн Министрликке жеке барып келишинин кереги жок. Клиника же дарыкана ачуу үчүн керектүү бардык документтерди электрондук форматта тиркеп коюуга болот, бул процессин кыйла жеңилдетет. Биз бул долбоорду августтун аягына чейин аяктоону пландап жатабыз», - деп баса белгиледи Осмонов.