Текстиль продукциясынын бажы наркынын төмөндөтүлүшү аныкталды, бул мамлекеттик бюджетке 2,1 миллион сомдон ашык каражаттын өндүрүлүшүнө алып келди, деп билдирет Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы.
Бажы кызматынын кызматкерлери Түркмөнстандан ОсОО «М.Т.» компаниясына МТО «Кант» аркылуу жеткирилген текстиль партиясын расмий документтештирүүдө мыйзам бузуу фактыларын аныкташты. Келип түшкөн продукциянын жалпы салмагы 21 656 кг түздү. Документтерди текшерүү учурунда бирдей реквизиттери бар, бирок ар башка нарктардагы эки эсеп-фактура берилгени белгилүү болду: 11 573 жана 56 610 АКШ доллары.