Бишкекте 6-июлда Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин жыйынынын алкагында XXVI Эксперттик жумушчу топтун жыйыны өттү. Иш-чарага Кыргызстан, Беларус, Индия, Иран, Казахстан, Кытай, Пакистан, Россия жана Тажикстан делегациялары катышты, бул тууралуу КР Коргоо министрлиги маалымдады.

Жыйын ШКУ алкагындагы аскердик кызматташтыкка байланыштуу негизги маселелерди талкуулоого арналган платформа болду. Катышуучулар коргоо министрликтеринин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө багытталган сунуштарды карашты, ошондой эле коопсуздук боюнча кызматташтык механизмдерин жакшыртуу, ишеним чараларын өнүктүрүү жана өз ара кызыкчылыктар боюнча практикалык өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.