Бишкекте «Тулпар» картасы менен төлөө учурунда жүргүнчүлөрдүн автобустар арасында акысыз которулушуна мүмкүндүк берген жаңы функция ишке кирди. Эми бир сааттын ичинде 4-5 жолу кошумча чыгымдарсыз которулуп, жол кирени бир жолу гана төлөө мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу «Тулпар» долбоорунун директорунун орун басары Бекжан Акматбеков билдирди.
Акматбековдун айтымында, система 1-июлдан тарта иштей баштады жана учурда стандарттуу көк «Тулпар» карталары үчүн гана жеткиликтүү. Биринчи төлөмдөн кийин система 60 мүнөттүк таймерди ишке киргизет, ал убакыт ичинде кийинки автобуска кошумча каражат сарптабай өтүүгө болот. Мисалы, эгер жүргүнчү экинчи автобуска 10 мүнөттөн кийин отурса жана картасын валидаторго койсо, система бул аракетти которулуш катары тааныйт жана акча алынбайт, бул болсо мындай сапарды акысыз кылат.