Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы 15-19-июль күндөрү Будапештте өтө турган эл аралык турнириге жөнөп жатат. Бул 2026-жылга карата акыркы рейтингдик турнир — Polyák Imre, Varga János жана Kozma István эскерүү турнири.
Турнирде 10 комплект медаль ойнолот жана 9 кыргызстандык спортчу байгелүү орундар үчүн күрөшөт. Команданын курамында 60 кг жана 82 кг салмак категорияларында катыша турган Жоламан Шаршенбеков жана Акжол Махмудов бар.