ОДКБга катышкан мамлекеттерде 29-июндан 3-июлга чейин «Канал – Янтарный берег» аттуу наркотиктерге каршы операция өттү. Бул иш-чара Россиянын Калининград шаарындагы Эл аралык координациялык штабда уюштурулуп, Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Наркотиктердин мыйзамсыз жүгүртүүсүнө каршы күрөшүү кызматынын делегациясы катышты, деп маалымдады ИИМдин маалымат кызматынан.
Операциянын алдын ала жыйынтыктары маанилүү натыйжаларды көрсөттү: мыйзамсыз жүгүртүүдөн 3 тонна 351 кг наркотиктер жана психотроптук заттар, ошондой эле 2 тонна 441 кг күчтүү дары-дармектер жана 1 тонна 96 кг прекурсорлор алынды.