Кыргызстандык спортчу Нурсултан Кенешбеков Казакстанда өткөн эл аралык жеңил атлетика турнирунда мыкты жыйынтык көрсөтүп, дагы бир алтын медаль утту. Шымкентте 30-июндан 1-июлга чейин өткөн Qosanov Memorial турнирына 11 өлкөдөн 250дөн ашык катышуучу чогулду.

Сорундардын экинчи күнүндө өткөн 5000 метр аралыкта Кенешбеков биринчи болуп финишке чыгып, 14 мүнөт 3,7 секунд менен алтын медаль утту. Ошол эле аралыкта экинчи орунду анын мекендеши Жусуп Сулайман уулу 14 мүнөт 40 секунд менен ээледи.