Кыргызстандык спортчулар 3-июлда Тайланддын Паттайя шаарында өткөн жаштардын Азия чемпионатында ийгиликтүү катышты. 20 жашка чейинки атлеттер үчүн өткөрүлгөн турнирдеги 10 медаль комплекти үчүн 10 кыргызстандык балбан катышты.
Соревнованиянын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан командасы эки коло медаль утту. Турнирдин байгесин Айдеми Асангазиева 53 кг салмак категориясында жана Асель Жапарова 65 кг салмакта алды.
// UWW
Асель Жапарова
// UWW