
Казакстанда мобилдик топтор чек ара аймактарын 24 саат бою патрулдашып, отун-майлоочу материалдардын (ГСМ) мыйзамсыз экспортунун алдын алуу үчүн иш алып барууда. Бул маалымат финансы министринин орун басары Ержан Биржановдун жетекчилиги астында өткөн отун рыногу боюнча жыйындын жүрүшүндө айтылды.
Риск башкаруу системасынын алкагында контролдук пункттарда автоцистерналар жана бензовоздорду текшерүү уюштурулган. Соңку эки күндүн ичинде кошумча бактарда жана канистрлерде отунду чыгарууга 61 аракеттин алдын алууга жетишилди, алардын жалпы көлөмү үч тоннанын үстүндө.