```html
Пакистан президенти Асиф Али Зардари 6-июлда Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Бул тууралуу өлкө президентинин басма сөз кызматынан билдиришти. Жогорку конок кыргыз мамлекетинин башчысы Садыр Жапаров тарабынан «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда тосуп алынды. Сапардын урматына эки өлкөнүн желектери көтөрүлүп, килем төшөлүп, салтанаттуу караул уюштурулду.
Жолугушуу учурунда президенттер эки тараптуу кызматташтык боюнча маанилүү маселелерди жана аны бекемдөө боюнча пландарды талкуулашат. Ошондой эле, эки мамлекеттин ортосундагы достук байланышты баса белгилөө үчүн маданий иш-чараларга катышуу пландалууда. ```