
Алматыда өткөн Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАБР) Жылдык жыйыны жана Бизнес-форумунун катышуучулары Ортолук Азия өлкөлөрү учурдагы эл аралык транспорт коридорлорун оптимизациялоого көңүл бурушу керек деген жыйынтыкка келишти. Бул коридорлорду өнүктүрүүгө чоң инвестициялар жумшалган. Эми негизги көңүл административдик тоскоолдуктарды жоюуга бурулушу керек, булар жүк ташууну кыйындатууда.