Ош шаарында Рыспай Абдыкадыров көчөсүнүн кеңейтүү зонасында жайгашкан турак үйлөрдү бузуу процесси башталды. Бул маалымат шаардык мэриянын өкүлдөрү тарабынан айтылды.
Жергиликтүү бийлик мэр Жанарбек Акаевдин буйругу боюнча бардык турак үй ээлерине мыйзамга ылайык толук компенсация төлөнгөнүн белгиледи.