Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы Таиландда өткөн жаштар Азия чемпионатында ийгиликтүү чыгышын жыйынтыктады. 20 жашка чейинки спортчулар катышкан турнир 5-июлда Паттайя шаарында аяктады.

Соревнованияда 10 комплект медаль ойнолуп, Кыргызстандан 10 спортчу байгелүү орундар үчүн күрөшүштү. Натыйжада кыргызстандыктар эки медаль утушту: алтын жана коло.