Бишкекте кимдер мыйзамсыз таштандыларды төгүп жатат текшерүүдө
Instagram'да "Бул Бангладеш эмес - бул Бишкек" деген аталыштагы видеоролик чыккан соң, Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы текшерүү жүргүзүүнү баштады, ал эми коммуналдык кызматтар булганган аймакты тазалоо иштерин жүргүзө башташты.

Бул мекемеден билдиришкендей, видео жарыяланган соң, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык структуралар менен кызматташтык орнотулган. Натыйжада, Бишкектин коммуналдык кызматтары бул аймакты тазалоо иштерин ийгиликтүү аткарышып, бул иштер белгиленген план боюнча аяктаган.