Анкарада Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев, КР Ички иштер министрлигинин өкүлү Манас Аманбаев жана Түркия Ички иштер министрлигинин Коопсуздук башкы башкармалыгынын жетекчиси Али Фидан ортосунда жолугушуу өттү. Жолугушуунун катышуучулары эки өлкөнүн коопсуздук тармагындагы кызматташтыгынын маанилүү аспекттерин талкуулашты.
Казакбаев Фиданды жаңы дайындалышы менен куттуктап, анын милдеттерин ийгиликтүү аткаруусуна үмүт артарын билдирди. Талкууда Кыргызстандын жана Түркиянын жарандарынын укуктарын коргоо, ошондой эле укук коргоо органдарынын өз ара аракеттенүүсү боюнча маселелер көтөрүлдү.