Кыргызстандын аялдар волейбол командасы Тайландда өтүп жаткан жаштар Азия чемпионатындагы оюнун аяктады. 18 жашка чейинки спортчулар катышкан турнир Паттайяда өтүүдө. 13-16 орундар үчүн болгон беттеште кыргызстандык кыздар, Абдухамид Айсаходжиевдин жетекчилигинде, Австралия командасы менен беттешти. Тилекке каршы, кыргыз командасы 0:3 эсебинде жеңилип калды.