Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов быйыл жайдын аягында жана күздүн башында борбордо өтчү саммитке байланыштуу баш калаада чектөөлөр болорун эскертип, бишкектиктерди шаардан чыга турууну суранды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды."30-31-август жана 1-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылышы болот. Өлкөбүзгө биринчи жолу 21 мамлекеттин жетекчилери бир учурда келишет. Айрымдары биринчи айымдар...