Жолдорду оңдоо. Ош шаарындагы эки көчөдө убактылуу кыймылга чектөө киргизилет
Бүгүн Ош шаарында Рахманов жана Беш-Капа көчөлөрүндө убактылуу кыймылга чектөө киргизилет. Тийиштүү маалымат шаардык мэриянын басма сөз кызматынан алынды.

7-июлдан баштап, 1,2 чакырым узундуктагы жаңы асфальт төшөө иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу аталган көчөлөрдө транспорттун кыймылы чектелет. Рахманов көчөсүндө төрт тилкелүү жолдун курулушу жүрүп жатканын эске салабыз, бул да убактылуу жабууну талап кылат.