Кыргыз Республикасынын Гапар Айтиева атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде 10-июлда Адель Исмаилханованын «Космостук мираждардын кудугу» аттуу ретроспективдик көргөзмөсү ачылат. Иш-чара Кыргызстандын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулган.
Экспозиция коллаж жана анимация мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөгө арналат, коллажды заманбап искусстводогу өзгөчө багыт катары көрсөтөт. Көргөзмө бул көркөм багыттын пластикалык жана маанилүү аспекттерин көрсөтүүгө аракет кылат.