
Кыргызстанда «Бала ырысы» мамлекеттик жөлөкпулун алуу үчүн 4 140 арыз кабыл алынган жок. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады. Арыздардын кабыл алынбашынын негизги себептери мамлекеттик маалымат системаларындагы жана ресурстарындагы маалыматтардын туура келбеши болду.
Министрликтин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө Бирдиктүү социалдык камсыздоо системасына «Бала ырысы» боюнча 53 047 арыз берилген. Бул саннан 48 907 арыз мамлекеттик ай сайын берилүүчү жөлөкпулду алуу үчүн каралууга кабыл алынды.
Көпчүлүк арыздар, тактап айтканда 40 254 арыз, «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу берилген, ал эми 8 653 арыз министрликтин аймактык башкармалыктары аркылуу кагаз форматында келип түшкөн.
Министрликтин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери «Түндүк» ААКнын өкүлдөрү менен биргеликте жарандарга тиркемени колдонуу аркылуу арыз берүүдө керектүү консультациялык жана практикалык жардам көрсөтүшөт.
Кабыл алынбаган арыздардын көпчүлүгү баланын жана арыз берүүчүнүн фактический жашаган дарегинин дал келбеши, ошол эле балага жөлөкпул алуу боюнча активдүү арыздын болушу, арыз берүүчүнүн жараксыз паспорту, баланын өлкө сыртында туулгандыгы, баланын туулгандыгы тууралуу актыларды каттоо органдарында маалыматтын жоктугу, ошондой эле опекундардан туура эмес документтердин болушу жана баланын мыйзам боюнча үч жашка чейинки курак чегинен ашып кетиши менен байланыштуу.