Венесуэладагы жер титирөөдөн курман болгондордун саны 3,5 миңге жетти

Венесуэлада 24-июнда болгон катуу жер титирөөдөн курман болгондордун саны 3535 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук ассамблеясынын төрагасы Хорхе Родригес өзүнүн Telegram-каналында билдирип, бийликтин жабыркагандарды куткаруу жана жардам көрсөтүү үчүн көрүп жаткан чаралары тууралуу айтып берди.

Өкмөттүн акыркы маалыматына ылайык, жабыркагандардын саны 16 740 адамды түзөт, ал эми 17 854 адам башпанасыз калды. 190 имарат толугу менен кыйраган, 856 объект оор зыянга учураган. Издөө-куткаруу операцияларынын жүрүшүндө 6462 адам куткарылды, 25 016 адам медициналык жардам алды. Жер титирөөдөн жабыркагандарга 86 794 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлүп, 9603 тонна азык-түлүк берилди.