Бишкек шаардык мэриясы калаада муниципалдык тилкелерде курулган көп кабаттуу үйлөрдүн жерлерин менчиктештирүү жол-жоболорун жеңилдетти. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.Маалыматта айтылгандай, 2001-2024-жылдардын аралыгында шаарда 49 жылдык мөөнөткө көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн 296 келишим түзүлгөн.Тариздөөдөгү тоскоолдуктардан улам куруучулар көп жылдар бою аталган жер тилкелерин андан ары биротоло сатып алып, менчик укугун каттоо жол-жобосун аягына чыгарышкан эмес. Бул...