Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын мурдагы орун басары – атайын кызматтын Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун экс-директору Уранбек Шадыбеков жана мекеменин буга чейинки төрт кызматкери кармалды. Бул тууралуу маалыматты “Азаттыктын” өздүк булактары билдирди.Аталган адамдар Аскердик прокуратурада кечээ, 6-июлдун кечинде суракка алынып, бүгүн 7-июлда убактылуу кармоочу жайга киргизилди.Айрым басылмалар кармалгандарга коррупция боюнча...