Бишкекте 13-15-июлда Кыргызстандын технологиялык стартаптарын колдоого багытталган программа өтөт. Иш-чаранын уюштуруучусу илим, жогорку билим жана инновациялар министрлиги, ошондой эле АКШнын соода министрлигинин коммерциялык укук боюнча өнүктүрүү программасы (CLDP) болуп саналат.

Бул программа боюнча билим берүү семинары пландалган, ага АКШнын соода министрлигинин жана Корнелл университетинин эксперттери катышат. Семинардын тематикасы технологияларды коммерциялаштыруу, технологияларды өткөрүп берүү, интеллектуалдык менчикти коргоо жана инновациялык чечимдерди рынокко чыгаруу боюнча болот.