Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу имаратта өрт өчүрүлдү

Бишкектин Юнусалиев көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу имараттын биринчи кабатында өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен алынган маалыматка ылайык, от менен күрөшүү үчүн эки өрт өчүрүү бригадасы жана атайын штаб жөнөтүлгөн.
«Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракеттеринин натыйжасында, 09:29да өрт толугу менен өчүрүлдү», - деп жазылган маалыматта.