Чүй облусунун Панфилов районунун РЭСинин начальниги ОАО «НЭСК» Чүй ПЭСинде пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул маалыматты Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы таратты.
Мамлекеттик комитет Чүй ПЭСинин кызматкерлери улуттук электр тармактарына туташуу үчүн акча системалуу түрдө чогултуп, эсептегичтерди колдонбоо боюнча коррупциялык схеманы аныктады. Натыйжада, 6-июлда, пара алуу фактысы боюнча кылмыш ишинин алкагында Панфилов РЭСинин начальниги чоң суммадагы пара менен кармалды.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча кармалган адам мыйзамга ылайык убактылуу кармоо жайына камалды.
Учурда тергөө иштери уланууда.