Бишкекте муниципалдык транспортто жол акы төлөө боюнча көзөмөл күчөтүлдү




Бишкекте күн сайын, дем алыш күндөрүн кошкондо, коомдук транспортто жол акы төлөөнүн эрежелерин сактоону көзөмөлдөө боюнча рейддер өткөрүлүүдө. Шаардык мэриядан билдиришкендей, мындай иш-чаралар жүргүнчүлөр жана айдоочулар арасында тартипти жогорулатууга багытталган.
Рейддердин жүрүшүндө адистер түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, альтернативдүү жол акы төлөө тартибин жана белгиленген нормаларды сактоонун зарылдыгын түшүндүрүшөт.
Мэрия ошондой эле 2026-жылдын 1-июлунан баштап Бишкектин муниципалдык автобустарында жаңы жол акы төлөө системасы киргизилерин эскертишти.
Рейддик иш-чаралардын негизги максаты эрежелердин сакталуусун камсыз кылуу, жүргүнчүлөргө кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу жана коомдук транспорттун ачык ишин түзүү болуп саналат.