Мамлекеттик жыл бою иштеген тоо-туризм кластерине «Ала-Тоо Резорт» Каракол жана Ак-Суу районунан 20 жумушчу тартылды. Бул тууралуу «Ала-Тоо Резорт» ААКнын башкармалыгынын төрагасынын кеңешчиси Аскат Чолпонбаев Биринчи радиодо билдирди.
Жергиликтүү тургундар үчүн канат жолдорун туура жана коопсуз пайдалануу максатында атайын окутуу уюштурулду. Бир ай бою даярдык жүргүзүлүп, эксплуатациянын эрежелери, коопсуздук талаптары жана техникалык тейлөө тартиби кеңири түшүндүрүлдү.

«Бир жылдан аз убакыттын ичинде «Ала-Тоо Резорт» ААКнын кызматкерлери профилдик министрликтер жана подрядчиктер менен биргеликте 4 км канат жолун куруп, пайдаланууга берди. Учурда жергиликтүү тургундардан окутулган жумушчулар канат жолдорунун техникалык сынактарын жүргүзүп, жумасына үч жолу текшерүү жүргүзүшөт. Бүгүн эртең президент Садыр Жапаров эки канат жолунун техникалык ачылышына катышты. Бардык объектилер бир ай мурун бүтүп, зарыл сынактардан өтүп, профилдик органдардан корутундуларды алган соң пайдаланууга берилди», - деди ал.