
Чон-Кемин өрөөнүндө 11-июлда «Кар барысы ЭкоФест Чон-Кемин 2026» экологиялык фестивалы өтөт. Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги уюштурат. Фестиваль Шабдан айылындагы ат майданында өтүп, «Кар барысы: Экобилим — Кыргызстан үчүн туруктуу келечектин негизги» темасына арналат.
Фестивалдын негизги максаты — жарандардын экологиялык билим деңгээлин жогорулатуу, экологиялык билим берүүнү өнүктүрүү, ошондой эле кар барысын — өлкөнүн символун сактоого көңүл буруу. Бул жылы иш-чара туруктуу табигый туризмди илгерилетүүгө жана айлана-чөйрөгө жоопкерчилик менен мамиле түзүүгө багытталган.