
Бишкекте акыркы алты күндүн ичинде 56 миң 817 тегин которуу катталды. Муниципалитет жаңы төлөм системасы шаардыктар жана туристтер арасында популярдуу болуп жатканын билдирет.
Жаңы өзгөртүүгө ылайык, биринчи сапарын акчасыз төлөгөн жүргүнчүлөр, биринчи төлөмдөн кийин бир сааттын ичинде башка шаардык маршруттарга тегин которула алышат.