Куткаруучулар жана Садыр-Аке айыл өкмөтүнүн кызматкерлери Григорьевское капчыгайындагы Суу-Ашуу ашуусунда мал чарбачыларына визит жасап, аларга керектүү азык-түлүктөрдү жеткиришти. МЧС билдиргендей, адистер чабандарды күчтүү жаан-шашындарга байланыштуу Ак-Сай жайлоосунда селдик агымдардын пайда болушу мүмкүнчүлүгү тууралуу эскертишти жана коопсуздук техникасы боюнча нускамаларды өткөрүштү. Учурда мал чарбачыларынын абалы канааттандырарлык, азык-түлүк запасы жетиштүү.
Ошол эле учурда, балдар, аялдар жана эс алуучулар 2-июлда, Чон-Ак-Суу дарыясы бешинчи көпүрөнү талкалаганда, коопсуз жерге эвакуацияланды.
Чон-Ак-Суу дарыясындагы суу деңгээлинин көтөрүлүшүнөн жабыркаган көпүрөнү калыбына келтирүү үчүн, бүгүнтөн баштап атайын техникаларды тартуу пландалууда жана калыбына келтирүү иштерине киришилет. Адистер жеринде кырдаалды текшерүүнү улантууда жана абалдын мониторингин жүргүзүүдө.