
Бишкекте, коомдук транспортто алмашуу тарифинин биринчи алты күнү ичинде 56 817 акысыз алмашуу катталды. Бул тууралуу борбордун мэриясынан билдиришти.
Жаңы система биринчи сапарды акчалай эмес ыкма менен төлөгөн жүргүнчүлөргө, төлөмдүн жасалган убагынан тартып 60 мүнөт ичинде башка маршруттарга акысыз алмашууларды жасоого мүмкүнчүлүк берет. Бул жаңылык шаарда сапарларды ыңгайлуу кылууга жана транспортко кеткен чыгымдарды азайтууга багытталган.