Палестинанын ХАМАС тобу 6-июлда Газа тилкесин башкарып келген өзгөчө кырдаалдар өкмөттүк комитети жоюлганын жарыялады. Анклавды административдик жактан көзөмөлдөө укугу жаңы улуттук комитетке өтөт.Агенттиктердин маалыматында, чечим АКШ колдоого алган Газадагы согуштан кийинки жөнгө салуу планын ишке ашыруу үчүн кабыл алынды. Буга чейинки башкаруучу органдын жетекчиси Мухаммед ал-Фарра кызматтан кетти.ХАМАС Газа тилкесин башкаруу укугу Улуттук комитетке өткөрүлүшү керектигин билдирди....