
Бишкек шаарынын мэриясы экологиялык кеңештин жыйынына катышкысы келген бардык адамдар үчүн эшигин ачып жатат. Мэр Айбек Жунушалиевдин жетекчилигинде өтө турган иш-чара борбордун жашылдандыруу маселелерине арналат.
Экологиялык кеңештин жыйыны 10-июлда, саат 17:00дө, Багыш көчөсү, 82 дарегинде жайгашкан МП «Бишкекзеленстрой» питомнигинде өтөт. Катышуучулар актуалдуу проблемаларды талкуулап, шаардагы жашыл аймактарды жакшыртуу боюнча өз идеяларын сунуштай алышат.